Биз социалдык тармакта

Өлкөдөгү коопсуз камералар тууралуу маалымат айтылды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 3 жылдан бери өлкө боюнча видео камералар орнотулуп жатат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Айтымында, видео камералардын саны 20 миңден ашыш керек. Ошондо гана өлкө боюнча толук коопсуздук камсыз кылынат.
Азыркы убакта коопсуз шаар системасынын камералары:
  • Бишкек шаарында – 651
  • Баткен облусу – 248
  • Ысык-Көл облусунда – 283
  • Жалал-Абад облусунда – 205
  • Нарын облусу – 207
  • Ош шаарында – 57
  • Ош облусу – 115
  • Талас облусу – 201
  • Чүй облусунда – 177
"Учурда күн сайын камераларды орнотуу жумушу жүрүп жатат. Алар акыркы үлгүдөгү, адамдын жүзүнөн таануучу, 360 градустагы көрүү жана көп функционалдуу камералар.
Борбор калаабыз Бишкек шаарында жетиштүү камералар орнотулган", - деп билдирди Орунбеков.
Ал азыркы кезде башка аймактарда дагы коопсуз өлкө долбоорунун алкагында жумуштар уланып жатканын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан