Биз социалдык тармакта

Өзгөн музей-комплексинде археологиялык казуулар жүрүүдө

Кыргызстандын маданий мурастарын изилдөө жана сактоо багытындагы мамлекеттик саясаттын алкагында Өзгөн мамлекеттик тарыхый музей-мемориалдык комплексинде "Көөнө тарых сырлары" аттуу мамлекеттик программа боюнча археологиялык казуу иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Маданият министирлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул иштердин негизги максаты – өлкөбүздүн бай тарыхый мурастарын илимий негизде изилдөө, табылган артефакттарды сактоо жана жалпы коомчулукка таанытуу болуп саналат.
Министрлик бул долбоорду тарых илимин өнүктүрүү, улуттук өзгөчөлүктөрдү даңазалоо жана туризмди өнүктүрүү багытында маанилүү кадам катары баалайт. Казуу иштери аяктагандан кийин табылган экспонаттар атайын реставрациядан өткөрүлүп, Өзгөн музей-комплексинин көргөзмө залына коюу пландалууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан