Жомоктордун мекени – Копенгаген (блог)

Көпчүлүгүбүз кичинекейибизде Ганс Кристиан Андерсендин жомокторун окуп чоңойгонбуз. Жазуучунун "Русалка", "Бармактай кыз" (Дюймовочка), "Кар ханышасы" сыяктуу жомокторун укпагандар жокко эсе болсо керек. Анын балдар үчүн жазылган китептери азыркы учурга чейин актуалдуулугун жоготпой келет. Учурда да анын жомокторунун негизинде тартылган мультфильмдерин көрүп калганда же андагы каармандардын сүрөтүн көрүп калсак бир саамга бактылуу балалык эсибизге келери анык.

Порталыбыздын #Sayakattime рубрикасынын бул жолку чыгарылышында дал ошол жомоктор жаралган Копенгаген шаарына болгон саякатымды баяндап бермекчимин.

Копенгагенге мен Швециянын Мальмё шаарынан автобус менен бардым. Эрессун көпүрөсү аркылуу өткөн учур мен үчүн унутулгус сезим тартуулады. Бул көпүрө Европадагы эң узун көпүрөлөрдүн бири болуп, Даниянын Копенгаген шаары менен Швециянын Мальмё шаарынын ортосун бириктирет. Анын өзгөчөлүгү – көпүрөнүн жарымы суу үстүндө жайгашып, калган жарымы туннельге айланып деңиздин астынан өтөт. Тоннель башталган жеринде жасалма арал да курулган. Бул инженердик керемет аркылуу өткөндө терезеден көрүнгөн Балтика деңизи, шамалдын жыты жана асмандагы ак чардактар көз алдымда жомоктогудай көрүнүш жаратты. Башкача айтканда, жомоктор жазылган шаарга жетүүчү жол да уникалдуу экен.

Кичинекейимде бул дат жазуучусунун жомокторун окуп чоңойгондуктан бул шаарга келүү – жөн эле саякат эмес, балалык кыялдын ишке ашуусу болчу. Даниянын бул кичинекей, бирок көркөм калаасы мен барган бардык өлкөлөрдүн, шаарлардын ичинен эң өзгөчөсү туюлду. Копенгагенде мен өзүмдү кайрадан баладай сезип, окуган жомокторумдун ичиндеги каармандар менен кошо жашап жүргөндөй болуп, айланада "жомоктун вайбы" сезилип турду.

Саякатымды менин сүйүктүү каарманым, эң белгилүү жер – Русалканын эстелигинен баштадым. Кичинекей, бирок дүйнөгө белгилүү бул эстелик Копенгагендин символуна айланган. Дүкөндөрдө русалканын сүрөтү менен сувенирлер, куттуктоо баракчалары, магниттер, кружкалар, кийимдердин көп экенин байкадым. Русалка деңиз жээгинде, шамалга карап отурган кыздын образында жасалган. Эстеликтин жанында токтоп, узак убакыт карап турдум – анткени ал мен бала кезде элестеткен Андерсен жомогунун тирүү көрүнүшү эле.

Андан кийин Кастеллет деп аталган жерге бардым. Бул – XVII кылымда курулган жылдыз формасындагы аскердик чеп. Азыр ал тарыхый эстелик катары сакталып, айланадагы жашыл парк жана шамал тегирмендери менен көрктөлүп, сейилдөөгө эң сонун жерге айланыптыр. Тынчтык жана кооздук өкүм сүргөн бул чептин ичинде басып жүргөндө, убакыт артка кайткандай сезилет. Анткени мен дал ушул жерде тартылган көп тарыхый тасмаларды көргөн элем. Ошолордун баарын эстеп, Кастеллетте сейилдеп, өз көзүм менен көрүп жатканыма абдан сүйүнүп, өзүмдү бактылуулуктун жетинчи асманында учуп жүргөндөй эле сездим.

Кийин Ботаникалык бакка жол тарттым. Ал жер – шаардын чыныгы жомок бурчу экенине ынандым. Түркүн түстөгү гүлдөрдүн арасынан басып өтүп баратып жана көлмөдө өскөн лотос гүлдөрүн көрүп "Дюймовочка" жомогундагы дүйнөнү элестеттим. Кичинекей гүлдүн ичинен чыккан кыз, анын жашоосу, айланадагы табият – баары ошол бакта жанданып кеткендей болду. Ар бир гүлдүн сыры, ар бир жалбырактын кыймылы ошол жомоктун "вайбын" сездирди. Табият менен жомоктун айкалышы жан дүйнөмө тынчтык тартуулап, ошол эле учурда шыктануу да берди.

Копенгагенди кыдырып жүрүп, бул шаарда жашап, жомок жазбай коюу мүмкүн эместигин түшүндүм. Кооздугу, тарыхы, архитектурасы – баары сага шыктануу тартуулап, өзүңдүн да жомок жазгың келип кетет экен. Бул шаар сени сөзсүз түрдө чыгармачылыкка түртөт.

Түшкү тамактан кийин мен Тиволи паркын көздөй багыт алдым. Бул сейил бак дүйнөдөгү эң эски оюн-зоок жайгашкан парктарынын бири экен. Кире беришинде кооз чырактар, музыка, гүл төшөлгөн арка жана элдин күлкүсү тосуп алды. Парктын маңдай бетинде Андерсендин эстелиги турат. Ал колуна китеп кармап, дал ушул Тиволи паркы тарапты карап турат. Балким, жазуучу дал ушул жерден жомокторуна шыктангандыр деп ойлодум. Албетте, сүрөткө түшпөй коюу мүмкүн эмес эле.

Копенгагенде жүргөндө эң кызыктуу жерлердин бири – тепкичи жок көтөрүлүүчү Тегерек мунара болду. Мунаранын ичинде жогору карай жөө басып айланып чыккан кең жол салынган экен, ал ат менен да, араба менен да көтөрүлүүгө ыңгайлуу кылып XVII кылымда долбоорлонуптур. Ушул жол аркылуу басып жогору чыксаң, шаар толугу менен кол алдыңда – Копенгагендин кызыл чатырлары, чиркөөлөрдүн мунаралары жана тарыхый көчөлөр сонун көрүнөт.

Андан соң шаар көчөлөрүн кыдырып жүрдүм. Себеби Копенгагендин атмосферасын толук сезгим келди. Тар көчөлөр, дүкөндөрдүн айнегиндеги кооз буюмдар, велосипедчен адамдар жана ар тараптан угулган деңиз шамалы бул шаардын өзгөчөлүгүн жаратат. Нюхавн каналын бойлой басып, үйлөрдүн түркүн-түстүүлүгүнө суктандым.

Сейилдеп жүрүп, Андерсен жашаган үйдүн биринчи кабатындагы кичинекей дүкөнгө кирдим. Ал жерден эстелик катары билерик алдым. Эң кызыгы – бул жерден билериктин мончокторун өзүң тандайсың. Ошол замат колуңа ылайыктап жасап беришет экен. Ошентип менин Копенгаген сапарымдын эстелиги, мага бул жомоктуу шаарды дайыма эске салчу билерикти колума тагып, жылмайган бойдон кайра кайтчу автобусумду көздөй жөнөдүм.

Жыйынтыктап айтканда, Копенгаген – бул жөн эле шаар эмес, бул жомок менен чындык аралашкан дүйнө. Бул калаа балалыктын тунук элестерин кайра жандандырып, жомокторго ишенүүгө түрткү берет. Сапарым карып, автобуста баратып Андерсендин "Жашоонун өзү эң сонун жомок" деп айтканын эстедим.

Жомоктордун мекени - Копенгаген
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан