60 жаштагы адамды балдары жана неберелеринин көзүнчө аткылап салган кылмышкерди сот эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда маркумдун үй-бүлөсүнүн адвокаты Айбек Касымов билдирди.
Анын айтымында, өлтүрүү фактысы 2013-жылы 17-августта саат 23:50 чамасында Сокулук районунун Восточное айылынын Тимирязев көчөсүндө болгон. Магомед Курбанов неберелери менен тамактанып олтурганда айылдаштары анын телефонуна чалып, сыртка чыкырышат. Андан соң 15 мүнөттүн ичинде аткылап салышкан. Окуядан соң айылдаштары Бахмудгажи Баганов жана Али Исаев кармалган.
Маркумдун аялы Хадижат Курбанованын айтымы боюнча, өлтүрүүгө алардын ортосунда көптөн бери келе жаткан чыр-чатактар себеп болгон. “Учурда биз коркуп жатабыз. Балдарыбыз мектепке барбай калышты. Бизди коргогон эркектер жок. Туугандарыбыз Дагестанда турушат”,- деп билдирди Хадижат Курбанова.
“Биздин негизги максатыбыз - бул кылмыш иш боюнча кайра тергөө жүргүзүү. Себеби Свердлов районунун соту Бахмудгаджи Багановду СИЗОдон эркиндикке чыгарды. Ал эми Али Исаевдин кылмыш ишин “кокустуктан өлтүрүү” беренесине өзгөртүп жеңилдетти”,- деп үй-бүлөнүн адвокаты кабарлады.