
Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Оторбай көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 2007-жылы туулган
Рахманбердиева Жаннат Эргешбаевна изделүүдө.
Облустук милиция ал 10-октябрда саат 13:50 чамасында кеткен бойдон кайтып келбегенин билдирди.
Бою болжол менен 170-172 сантиметр, чачы кара, акжуумал.
Ал кара жоолук кара көйнөк, кара шым жана боз спорттук бут кийим кийип жүргөн.