Биз социалдык тармакта

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо. БШК жалпысынан 137 ЖМКны аккредитациялады

Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, Борбордук шайлоо комиссиясы 137 жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялады.

Алардын ичинде:

  • басылмалар – 37;
  • телекөрсөтүү – 41;
  • радио – 19;
  • интернет-басылмалар – 40.

БШКнын расмий сайтында ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.

Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.

Мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого үгүт иштери добуш берүү күнүнөн 20 күн мурда – 10-ноябрда башталып, добуш берүү күнүнөн бир күн мурун – 29-ноябрда саат 8:00дө токтотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан