
Токмок шаарында өспүрүмдөрдүн катышуусунда болгон массалык мушташ фактысы боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалым болгондой, окуучулардын пикир келишпестиги 14-октябрда 1-кичи району менен Чүй районуна караштуу Мээнеткеч айылынын ортосундагы бош жерде орун алган. Анда тартылган видео интернет желесине тарап, кызуу талкууга түштү.
Токмок шаарынын милициясы бул окуяга катыштыгы бар эки мектептин 9-класстарынын окуучуларын тергөө кызматына жеткирди. Алар менен түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жабыркагандар жок.
Текшерүүнүн жыйынтыгында күнөөлүү адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилип, учурдагы мыйзамдарга ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат.