Египеттик Кызыл Жарым Ай уюму Палестинанын Газа секторуна ири гуманитардык жардам жөнөттү.
Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, 400 жүк ташуучу унаадан турган конвой 5700 тонна азык-түлүк жана ун, 1400 тоннадан ашуун дары-дармек жана медициналык жабдуу, ошондой эле 2500 тонна күйүүчү май алып барууда.
Белгилүү болгондой, дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү гуманитардык жардамдын кирүүсү токтотулган. Буга себеп Израил менен ХАМАСтын туткундарды алмашуусу жана жөөт диний майрамы болгон.
Египет тараптын билдирүүсүнө ылайык, бул гуманитардык жардам Газадагы элдин негизги муктаждыктарын жабууга багытталган.