Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони тамеки чегүүнү таштоого берилген кеңешке тамаша менен жооп бергенин The Sun басылмасы жазып чыкты.
"Эгер мени тамекини таштоого мажбурлашса, мен бирөөнү өлтүрөм", - деген Мелони өзүнүн адаты тууралуу кептерге комментарий берип жатып.
Премьер-министр тамекини таштоо ал үчүн иш жүзүндө мүмкүн эмес экенин түшүндүргөн.
Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Египеттеги тынчтык саммитинде Мелониге чылым чегүүнү ташташы керектигин айткан.