АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путинди Украинадагы жаңжалды токтотууга чакырды.
"Президент Путинден биз каалаган нерсе, бул – украиндер менен орустарды өлтүрүүнү токтотушу. Анткени ал көптөгөн орустарды өлтүрүп жатат!" - деди Трамп кечээ, 15-октябрда Ак үйдөгү маалымат жыйынында.
Ал ошондой эле Орусия Украинага каршы согушта 1,5 миллион орусту жоготконун кошумчалаган.