Биз социалдык тармакта

Феликс Кулов өлүм жазасын киргизүүнү эл колдоп жатканын айтты (видео)

Мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов өлүм жазасын элдин көпчүлүгү колдоп жатканын айтты. Ал бирок буга көз карандысыз уюмдар каршы чыгып жатканын белгиледи.

"Аялдар менен балдарды мыкаачылык менен өлтүргөн фактылар болду. Ошондуктан президент элдин үнүн угуп, анан кийин тапшырма берди. Азыр ушундай мыйзам чыкты.

Азыр "Батыш эмне дейт?" деген сөз болуп жатат. "Эл аралык уюмдар каршы болуп жатат, биздин тышкы саясатка зыян болот" деген кептер да бар. Менимче, бизге сөзсүз ушундай мыйзам болушу керек", - деди ал "Биринчи радиого" берген маегинде.

Айта кетсек, Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.


Феликс Кулов өлүм жазасын киргизүүнү эл колдоп жатканын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан