Мадагаскардагы бийликти басып алган аскерий топтун лидери, полковник Майкл Рандрианирина өлкөдө шайлоо өткөнгө чейин президенттин милдетин аткаруучу болуп иштей турганын айтты. Бул тууралуу ал Associated Press агенттигине берген маегинде билдирди.
"Ант берүү аземи өтүшү керек. Биз бул жерде кеминде 18 ай, эң көп дегенде эки жыл калабыз", - деген ал.
Orange поратлы ал 17-октябрда аралдагы мамлекеттин убактылуу президенти катары ант берерин жазды.
Буга чейин Мадагаскардын президенти Андри Радзуэлина массалык нааразылык акцияларынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.