Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен Курманжан датка жана Гапар Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы сейил бактын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, сейил бакта чыгармачыл жаштар үчүн жайкы сахна, эс алуучулар үчүн отургучтар курулуп, жашыл аймак менен жарыктандыруу системалары орнотулат.
Буга чейин бул жерде гүл базар, дүкөндөр жана тамактануучу жайлар орун алып, жол кыймылына тоскоолдук жаратып келген. Калаа башчысынын тапшырмасына ылайык, бул курулуштар алынып, суунун жээги бошотулган.