Биз социалдык тармакта

Индонезияда күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө катталды 

Индонезияда күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Индонезиянын Сейсмология институтуна таянуу менен бүгүн, 16-октябрда чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, жер титирөөнүн очогу Сарми шаарынан 61 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Жердин силкинүүсүнүн тереңдиги 21 чакырымды түзгөнү айтылды.

Учурда кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок. Бийлик аймактагы кырдаалга байкоо жүргүзүүнү улантып, жер титирөө кайрадан болушу мүмкүн экенин эскертип жатканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан