Биз социалдык тармакта

Кыргызстандан чыгарылат... Бишкекте автобуста кызга тийишкен чет элдик кармалды

Бишкекте коомдук транспортто кызга тийишти делген 37 жаштагы чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаа милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факт Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынып, чет элдик райондук тергөө бөлүмүнө жеткирилген.

Ага карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен административдик протокол түзүлүп, соттун кароосуна жиберилген.

Шаардык милиция ал өлкөдө жүрүү эрежелерин бузганын белгилеп, Кыргызстандан чыгарыла тургандыгын кошумчалады.

Буга чейин социалдык тармактарда автобустардын биринде орундукта отурган чет өлкөлүк жаран маңдайындагы кызга колун тийгизип, жагымсыз ишарат кылганы тартылган видео тараган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан