Биз социалдык тармакта

Ноокатта УКМК кызматкерлерине кызматтык батирлер курулат

Кечээ, 15-октябрда, Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Зулпуев атындагы айыл аймагынын Калдай айылында УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын Ноокат райондук бөлүмүнүн кызматкерлерине арналган кызматтык батирлердин курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Даниэль Рысалиев, Ош облусунун прокурору Чыңгыз Ахматов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Курулуш иштери Калдай айылында, Ош–Баткен–Раззаков автоунаа жолунун боюнда жүргүзүлөт. 2025-жылдын сентябрь айында Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтү тарабынан 0,24 гектар “калктуу конуштардын жерлери” категориясына кирген жер тилкеси бөлүнүп берилген.
Бул аймакта эки кабаттуу эки имарат салынып, жалпы сегиз кызматтык батир болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан