Биз социалдык тармакта

Ош-Бишкек жолундагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан Ноокен районундагы Ош-Бишкек жолунун боюнда жайгашкан мыйзамсыз курулуштарга карата тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында Ноокен районунун Масы айылындагы Ош-Бишкек жолунун кызыл сызыгына кирип кеткен мыйзамсыз ондон ашык курулуш объектилери буздурулууда.
Белгилей кетсек, аталган аймак боюнча буга чейин тиешелүү эскертүүлөр берилип, жер тилкесин мурдагы калыбына келтирүү талабы коюлган. Бирок белгиленген талаптар аткарылбагандыктан, мыйзам чегинде бузуу иштери жүргүзүлүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан