Биз социалдык тармакта

Ош шаарында канал жээгине жаңы эс алуу багы курулууда

Ош шаарындагы Шакиров көчөсүн бойлой аккан Увам каналынын суу корук аймагында жайгашкан мурдагы Тумар мейманканасынын ордуна эс алуу багы курулуп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалымдагандай, учурда аймакта гранит таштар төшөлүп, канал тарабы тосмолор менен тосулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Калаа башкармалыгы мындар ары бардык каналдардын корук аймактарында бирдиктүү долбоор боюнча окшош эс алуу бактары курула турганын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан