Биз социалдык тармакта

Улуу Британиядагы Оксфорд университетинде эми өзбек тили окутулат

Улуу Британиядагы Оксфорд университетинин Азия жана Жакынкы Чыгышты изилдөө факультетинде эми өзбек жана байыркы өзбек тилдери окутулат. Бул тууралуу аталган өлкөдө иш сапарында жүргөн Өзбекстандын президенттик администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Мирзиёева бул демилге өзбек тили менен маданий мурастын дүйнөлүк илимий чөйрөдө жайылышына өбөлгө боло тургандыгын билдирди.

Мындан сырткары, ал атактуу Бодлиан китепканасына да барып, Мирзо Улугбек, Алишер Навои, Хусайн Бойкаро жана Бабуриддер дооруна таандык баалуу кол жазмалар менен таанышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан