Биз социалдык тармакта

"Манас" аэропортунда унаа кыймылына чектөөлөр киргизилди

"Манас" эл аралык аэропортунун имараты реконструкцияланып жаткандыгына байланыштуу айланасындагы жолдордо жана кире бериштерде убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул чаралар жүргүнчүлөрдүн жана коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кабыл алынгандыгын басма өз кызматы билдирди.

Аэропорттун жанындагы акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайлар убактылуу жабылды. Жүргүнчүлөр үчүн "Семетей" аймагында, жүк терминалынын каршы тарабында акысыз токтотуучу жай уюштурулду. Бардык келген унаалар ошол жүк терминалы тараптан кайрылат. Ошондой эле аэропорт имаратынын жанында токтотууга тыюу салынды.

Мындан улам жүргүнчүлөргө бардык процедуралардан убагында өтүү үчүн аэропортко эртерээк келүүнү сунуштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан