Бүгүн, 16-октябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев өзүнүн демилгеси менен сатылып алынган кыш мезгилинде тротуарларды тазалоочу атайын техникаларды сынап көрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирип
Мурунку жылдары 5–6 гана техника иштеп, жумушчулар кум-туз аралашмаларын кол менен чачууга мажбур болушчу. Ал эми быйыл жаңы техникаларды кошкондо 26 техникага жетип, шаар жылдагыдан беш эсе көп техника менен камсыздалууда.
Мэр тиешелүү кызматтарга 1-ноябрга чейин бардык даярдык иштерин аяктоону тапшырды.