Эртең, 17-октябрда Бишкекте мектеп окуучулары онлайн окушат

Бишкек шаарынын мэриясы эртең, 17-октябрда шаардагы муниципалдык мектептер онлайн-режимде иштей турганын билдирди.

Буга чейин ата-энелердин социалдык баракчалардагы группаларына онлайн окуу боюнча билдирүүлөр келип түшкөн.

Мэрия бул чечимдин так себебин ачыктаган жок.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги үч мектепти милиция курчоого алып, текшерген. Анткени чет элдик жаран окуучуларга кол салуу боло тургандыгы боюнча жашыруун билдирүү тараткан. Учурда милиция анын өздүгүн аныктады.

Бишкек шаардык милициясы жарандарды тынчтыкты сактоого, жалган маалыматтарды таратпоого жана расмий булактарга гана ишенүүгө чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан