АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди. Бул тууралуу ал Truth Social тармагында жазды.
Трамп сүйлөшүүнү "өтө пайдалуу" деп баалап, төмөнкү натыйжаларды белгиледи:
Жакынкы аптада эки өлкөнүн жогорку даражалуу кеңешчилеринин жолугушуусу болот;
Кийинчерээк Путин менен Трамп Будапештте Украина маселеси боюнча бетме-бет кездешет;
АКШ – Орусия соода алакалары талкууланды.
Ошондой эле Трамп сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу Украина президенти Владимир Зеленскийге маалымат берерин, алар эртең, 17-октябрда Вашингтондо жолугушарын билдирди.
Бул сүйлөшүү Путин менен Трамптын августтан бери экинчи жолу байланышканы. Алар акыркы ирет 15-августта Аляскада саммит өткөрүшкөн.