Биз социалдык тармакта

Бишкектеги "Алтын күз" жарманкесинен көз ирмемдер (фотобаян)

Бүгүн, 17-октябрда Бишкекте Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Кыргызстандын айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө арналган республикалык “АгроТехЭкспо-2025” агроөнөржай көргөзмөсү жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкесинин биринчи күнү болду.

Иш-чаранын алкагында заманбап айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү жабдуулар, инновациялык агротехнологиялар, үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттар, ошондой эле асыл тукум төрт түлүк мал, үй канаттуулары көргөзмөгө коюлган.

Көргөзмөгө өлкөнүн 7 дубанынан келген дыйкан-фермерлер, жергиликтүү ири кайра иштетүүчү ишканалар жана чарбакер субъекттер катышууда. Шаар тургундары жана коноктор жарманкеге келип, өздөрүнө керектүү айыл чарба техникаларын, жабдууларды жана азык-түлүк товарларын арзандатылган баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Белгилей кетсек, аталган көргөзмө-жарманке 3 күн болуп, 19-октябрга чейин уланат.

Бишкектеги "Алтын күз" жарманкесинен көз ирмемдер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан