Биз социалдык тармакта

Трамп менен Путиндин пландалган жолугушуусу: Венгриянын өкмөт башчысы билдирүү жасады

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан АКШнын лидери Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин Будапештте жолугушууну пландап жатканы жарыялангандан кийин Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жарыялады.

"Мен жаңы эле президент Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштүм", - деп жазды Орбан X социалдык тармагындагы баракчасына.

"АКШ–Орусия саммитине даярдык кызуу жүрүп жатат. Венгрия – тынчтык аралы!" - деп кошумчалады ал.

Кечээ, 16-октябрда Трамп менен Путин телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалым болду. Анда Путин менен Трамп Будапештте Украина маселеси боюнча бетме-бет кездешери тууралуу да кеп болгон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан