Баткендин Суу-Башы айыл аймагынын Чет-Булак аймагына курулган Жаңы-Достук айылынын курулушу дээрлик аяктады. Бул тууралуу президенттин аталган облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабарлады.
Маалымдалгандай, айылга толугу менен электр энергиясы берилип, көчөлөр жарыктандырылган. Аткарылган иштерди облус башчысы Айбек Шаменов жеринен көрүп чыккан.
Айылга Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан "Кара-Булак" 35/10 кВ көмөк чордонунан 10 кВ аба чубалгы тартылган. Калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында кубаттуулугу 400 кВА болгон 4 даана жаңы көмөк чордону орнотулүп, ар бир турак үйгө электр эсептегичтер орнотулган.