Бишкек шаарында көп кабаттуу үйгө кирип, бейбаштык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-октябрь күнү Абдраев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынан түн ичинде белгисиз адам имараттын ичине кирип, жашоочулардын тынчсыздануусун алып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Байкоочу камерага түшүп калган кадрларда аталган жаран подъездге кирип, электр такталарын текшерип жүргөн.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Милиция адепсиз сөздөрдү айтып, өзүн агрессивдүү алып жүргөн адамды кармашып, убактылуу кармоочу жайга жеткизишкен. Ал 2000-жылы туулган Ш.Х. аттуу жаран экени аныкталган. Ага 126-берене (Майда бейбаштык) менен протокол түзүлүп, кылмыш иши козголгон.