Бишкек шаарындагы кээ бир аймактарда 23-октябрь күнү ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган күнү турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде саат 09:00дөн 22:00гө чейин ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Сууну өчүрүү аймактары:
Анкара көчөсү – ЧЧЧК – Аламүдүн суусу, темир жол тилкеси.