Биз социалдык тармакта

Альцгеймер жана рак жакында ультраүндөр менен дарыланышы мүмкүн

АКШнын Вирджиния университетинин окумуштуулары ультраүндүн жогорку жыштыктагы толкундарын колдонуп, мээге түздөн-түз дары жеткирүүчү жаңы ыкма иштеп чыгышты. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, бул технология мээни коргоп турган кан-мээ тосмосун убактылуу ачып, дарылар менен ген терапиясынын натыйжалуулугун жогорулатат.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, фокус ультраүн рак клеткаларын майдалап, организмдин өз иммундук системасын аларга каршы күрөшүүгө түртөт.

Адистердин айтымында, бул ыкма келечекте Альцгеймер, мээ шишиги жана башка неврологиялык ооруларды операциясыз дарылоого жол ачат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан