Биз социалдык тармакта

Жоош айыл аймагында республикалык семинар-кеңешме өттү

Бүгүн, 17-октябрда Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагында “Аймактарды өнүктүрүү – Уңгужолдун багыты” аттуу республикалык семинар-кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облустук өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалымдагандай, иш-чара “Эң мыкты айыл өкмөтү” мамлекеттик сынагынын жыйынтыгынын негизинде уюштурулган. Семинар кеңешмеге облустун башчысы Элчибек Жантаев, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген 200гө жакын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышкан.
Иш-чаранын алкагында “Улуттун уюткусу” долбоорунун алкагында көргөзмө уюштурулуп, катышуучулар Жоош айыл аймагынын имараты жана Сыдык Жолдошев атындагы айылдык тарыхый музей менен таанышышкан.
"Семинар-кеңешменин негизги максаты — айыл аймактарды өнүктүрүү боюнча мыкты тажрыйбаны жайылтуу, социалдык-экономикалык өнүгүүнү чыңдоо, инфраструктураны жакшыртуу жана инвестиция тартуу аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин өркүндөтүү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан