Биз социалдык тармакта

Бишкекте №153 экспресс-маршрутунда түнкү каттамдар ишке кирди

Бүгүн, 17-октябрдан тарта Бишкек шаарында №153 "Асанбай – "Манас" эл аралык аэропорту" экспресс-маршруту боюнча түнкү каттамдар жүрө баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул чечим "Жол кеңеши – 2025" алкагында кабыл алынган.

Эми жүргүнчүлөр аэропортко жана кайра шаарга түн ичинде да ыңгайлуу жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Түнкү каттамдардын убактысы: 00:00; 03:00 жана 05:00.

Эскерте кетсек, маршрут экспресс болуп саналат, токтоочу жайлар так аныкталган. Белгиленбеген жерде токтоо — жол эрежесин бузуу болуп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан