Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 18 жаштагы кыргызстандык Курманбек Кеңешов таштандынын жанына ташталган баланын өмүрүн сактап, окуя коомчулуктун жүрөгүн жылытты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Бүгүн, 17-октябрда Курманбек Москва проспектисинде таштанды таштоочу жайды тазалаганы барып, контейнерлердин жанында коляскада отурган баланы тапкан. Ал баланын үшүп калгандыгын байкап, дароо полиция жана "Тез жардам" кызматын жерине чакырган.
Учурда полиция баланын ата-энесин издеп, окуянын чоо-жайын тактап жатат.