Испанияда белгилүү сүрөтчү Пабло Пикассонун 1921-жылы гуаш техникасында тарткан "Гитара менен натюрморт" аттуу эмгеги табышмактуу жагдайда жоголуп кетти. Бул тууралуу Euronews телеканалы кабарлады.
Сүрөт 8-октябрда ачылган "Натюрморт. La eternidad de lo inerte" аттуу көргөзмөгө коюлушу керек болчу. Бул чыгарма Мадридден Гранада шаарына жеткен эмес.
Учурда бул ишти Испаниянын Улуттук полициясынын тарыхый мурастар бөлүмү иликтеп жатат.
Сүрөт 600 миң еврого бааланган.