Биз социалдык тармакта

Ошто экс-депутаттын рестораны шаар казынасына 14 миллион сом карыз экени маалымдалды (видео)

Ош шаарындагы белгилүү “Мээрим” рестораны муниципалдык аймакта турган жери жана башка коммерциялык имараттары үчүн ижара акысын көп жылдан бери төлөбөй келет. Чогулуп отуруп жалпы 14 миллион сом карыз. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мэрия ресторандын жана анын жанындагы соода түйүндөрдүн ээлери көп жыл мамлекеттик кызматтарды аркалаган, жогорку кеңештин депутаты болгон бир туугандар Равшан Рысбаев жана Рустам Мамановго таандык экенин билдирди.
Мэр Жеңишбек Токторбаев 14 миллион сом ижара акысын 1-ноябрга чейин шаар казынасына төгүү боюнча мөөнөт берди. Эгерде аталган убакыт аралыгында төлөнбөсө, анда мэрия ресторан жана соода түйүндөр турган муниципалдык жер тилкесин курулуштардан бошотууга аргасыз болот.
Ошто мурунку депутатка таандык ресторан шаар казынасына 14 миллион сом карыз экени маалымдалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан