Бишкектин тургуну милицияга кайрылып, Вотсап аркылуу өздөрүн УКМК кызматкери катары тааныштырган белгисиз адамдар аны алдоо жолу менен 14 миллион сом которууга мажбур кылышканын билдирген.
Шаардык милиция бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козгоп, иликтөөнүн натыйжасында 2007-жылы туулган Е.С. аттуу шектүүнү кармашты.
Кармалган жаран 2 айга тергөө абагына киргизилди. Терминалдардын жана соода борборлорунун видеокөзөмөл жазуулары текшерилип, шектүү эсептерге бөгөт коюлду. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.