Бишкек шаарында Усубалиев аянтынын жанындагы Абдумомунов көчөсү убактылуу жабылганына байланыштуу №1 экспресс каттам Шопоков жана Жумабек көчөлөрү менен каттай баштады.
Мэрия билдиргендей, Ала-Арча жаратылыш паркына баруучу каттам ишемби жана жекшемби күндөрү ишин жүргүзөт. Бул өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну суранышат.