Биз социалдык тармакта

Ошто көп кабаттуу үйдүн үстүн тилсиз жоо каптады (видео)

Бүгүн, 19-октябрда Ош шаарынын Маматисаков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 06:34тө 4 күжүрмөн эсеп жана 1 автошаты жөнөтүлгөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө кошумча 3 унаа жерине тартылган, Ошондой эле Кара-Суу районунан да чакыртылган. Учурда ӨКМден 8 бөлүм, 2 автошаты, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана штаб тартылган.
Мындан тышкары жерине кошумча ИИМден, "Тез жардам" кызматынан жана РЭТтин кызматкерлери жөнөтүлгөн. Кошумча маалымат берилет.
Ошто көп кабаттуу үйдүн чатыры өрттөнүн жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2025-10-19 13:54:00
Эмакомдун жетекчилери элдин назарына калбай эчак төлөнгөн батирлердин ачкычтарын жана документтерин берип койгула, кудай карап турат, аз келгенсип лифт, сырткы чоң эшик терезе рамдарды жашоочулардын өздөрүнө койдурганыңар ортодогу келишимдерге такыр жооп бербейт, урматтуу УКМК Ашимахунова 26 дагы "В" жана "Г" блокторун дыкат текшерип койсоңуздар, сиздерге үнүбүз жетпей жатат, Эмаком толук бүтө элек турак жайын 50%зын элди өзүңөр бүтүрүп алгыла, биз банкротпуз деп 5жылдан бери элди какшатып
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан