Пакистан жана Ооганстан Доха шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ок атышууну токтотууну макулдашышты. Бул тууралуу 19-октябрда Катардын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар кабарлашты.
Сүйлөшүүлөрдө тараптар ошондой эле тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча механизмдерди түзүүгө, ошондой эле жакынкы күндөрдө кайра жолугушууга макул болушту.
Бул кадам чек арадагы чыңалууну азайтып, эки өлкөдө туруктуу коопсуздук орнотууга багытталган.
Эскерте кетсек, октябрдын башында Пакистан менен Оогастандын чек арасында катуу кагылышуулар болгон. Анда эки тараптан тең аскер кызматкерлер каза болгону айтылат. Ал эми 15-октябрда ок атышууну убактылуу токтотуу боюнча келишимге келип, кийин ал сүйлөшүүлөргө алып келди.