
Ош шаарында Рудаки атындагы мектебинин жер тилкесине курулуп калган соода түйүн жана коомдук тамактануучу жайлар бузулууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, мектептин аймагынан 2008-жылы жеке менчикке өтүп кеткен 720 чарчы метр жер тилкеси Ош облусунун административдик сотунун чечими менен кайра мамлекеттик менчикке кайтарылды.
Учурда атайын техникалар барып, бузуу иштерин жүргүзүп жатат.