Биз социалдык тармакта

Ак-Босогодо окуучу кызды аңдыган жигит коомчулукту тынчсыздандырды (видео)

Бишкек шаарынын Ак-Босого жаңы конушунда мектептен кайтып келе жаткан өспүрүм кыздын артынан түшкөн белгисиз адамдын видеосу интернет желесинде кызуу талкууга түшүп, коомчулукту тынчсыздандырууда.
Күбөлөрдүн айтымында, окуя 16-октябрь күнү болгон. Ак баш кийимчен жигит кызды аңдып, ага тийишкенде өспүрүм мектептин жанындагы дүкөнгө кире калган. Белгисиз жарандын өспүрүм кызга тийишип жатканын байкап калган дүкөнчү ага кайрылганда, ал качып кеткенге жетишкенин видеодон байкоого болот.
Кыздын атасы укук коргоо кызматына арыз менен кайрылган.
Учурда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы иш алып барууда, толук маалымат берилет.
Ак-Босогодо окуучу кызды аңдыган жигит коомчулукту тынчсыздандырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан