Өзбекстандын Самарканд шаарынын борборун кыргыз армиясынын жоокерлери кара жорго бийи менен кооздоду. Ак калпагын башына кийген аскерлердин бул аткаруусун ал жакка барган туристтер жана жергиликтүүлөр чоң кубаныч менен тосуп алышты.
Айта кетсек, Өзбекстанда "Бирлик – 2025" аттуу аскерлердин машыгуусу өтүүдө. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Азербайжан өлкөлөрүнөн барган Коргоо министрлигинин бөлүктөрү катышууда.