Бишкек шаарынын Ак-Босого жаңы конушунда мектептен кайтып келе жаткан өспүрүм кыздын артынан түшкөн белгисиз адамдын видеосу интернет желесинде кызуу талкууга түшүп, коомчулукту тынчсызданткан.
Бул окуя боюнча учурда Свердлов РИИБи иш алып барып жаткандыгы маалымдалды.
"Аталган факт электрондук журналга катталды. Азыркы учурда окуяга тиешеси бар жарандын өздүгү аныкталууда жана тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп билдирет райондук милициянын басма сөз кызматы.
Мындан тышкары аталган факт Свердлов РИИБинин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган.