Биз социалдык тармакта

Ок атышууну токтотуу келишиминен кийин да Израил Газага сокку урду

Израил Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына аба соккуларын жасагандыгын Times of Israel басылмасы билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, бул соккулар Рафах шаарындагы Израил армиясынын күчтөрүнө болгон чабуулга жооп иретинде жасалган. Анда Газа секторунан келген согушкерлер Рафахта жайгашкан Израил күчтөрүнө кол салып, андан кийин ЦАХАЛ абадан сокку урууну баштаган.

Белгилей кетсек, Израил менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча келишим 10-октябрда күчүнө кирген. Эки өлкөнүн ортосунда туткундарды бошотуу иштери да жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан