Биз социалдык тармакта

Бишкектеги Фучик көчөсүнүн Жибек Жолуна чейинки бөлүгү ачылды (видео)

Бүгүн, 19-октябрда Бишкектин Фучик көчөсүнүн Дэн Сяопин проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки оңдоп-түзөөдөн өткөн бөлүгү колдонууга берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
"Жалпы узундугу 3,2 чакырымды түзгөн Фучик көчөсүн реабилитациялоо үч этап менен жүргүзүлүүдө. Борбор калаанын жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча мэриянын иш-планынын алкагында иш үстүбүздөгү жылдын 11-августунда башталган. Долбоордун жалпы баасы 277,5 миллион сомду түзөт. Биринчи этап Москва көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгү оңдолуп ачылган", - деп белгиленди маалыматта.
Ага улай бүгүн, 19-октябрда саат 15:00дөн баштап Фучик көчөсүнүн Профсоюз көчөсүнөн Чүй каналына чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды.
Бишкектеги Фучик көчөсүнүн Жибек-Жолуна чейинки бөлүгү ачылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан