Биз социалдык тармакта

Израил ок атышуу келишимин бузуп, 34 палестиналыктын өмүрүн алды

Израил армиясы ок атышууну токтотуу келишимине карабастан Газанын бир нече аймагына аба соккуларын жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, соккулар натыйжасында кеминде 34 палестиналык каза болуп, ондогон адамдар жаракат алышты.

Күбөлөрдүн айтымында, Израил аскерлери эл жашаган чатырларды, мектептерди жана талаа госпиталдары жайгашкан аймактарды да аткылаган. Көпчүлүк курман болгондор аялдар жана балдар экени белгиленди.

Израил тарап "ХАМАС ок атышпоо келишимин бузду" деген жүйө менен аларга жооп катары сокку урулганын билдирип, Газа тилкесине гуманитардык жардам киргизүүнү убактылуу токтотту. Ал эми ХАМАС өздөрүнүн бардык макулдашууларга, анын ичинде ок атышууну токтотууга толук баш ийип жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан