Бишкекте адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгына шектелип кармалган 17 жаштагы өспүрүм бир айга камакка алынды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны Чүйдөгү №14 жашы жете электер абагында кармоо чечимин чыгарган.
Белгилей кетсек, 18-октябрда борбор калаадагы Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде үрөй учурган жол кырсыгы катталган.