2013-жылы жаңы жумуш орундарын түзүү жана региондордогу инфраструктураны жакшыртуу тууралуу бир нече долбоорлор аткарылат. Мындай пикирди өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусуна болгон иш сапарында билдирди. "Эгер саясий туруктуулук болсо, 2013-жылда бюджеттин киреше жагынын өсүшү күтүлүүдө. Бюджеттин киреше жагы өссө, анда бюджеттин өнүгүү тармагы да кеңейип, гранттар бериле баштайт" деди Жантөрө Сатыбалдиев. Эске салсак, 13-декабрь күнү Жогорку Кеңеш 2012-жылдын бюджетине түзөтүүлөрдү кабыл алган. Анда өнүктүрүү бюджети 21 миллиард 921 миллион 696 миң түзөрү жазылган.