Биз социалдык тармакта

Мексикада катуу жааган жамгырдан улам болгон селден каза болгондордун саны 76га жетти

Мексикада катуу жааган жамгырдан улам болгон селден каза болгондордун саны 76га жеткени кабарланды. Бул тууралуу Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум X социалдык тармагындагы баракчасында жазды.

Маалыматка ылайык, издөө иштери уланып жаткан сел апаатында 5 штатта 76 адам каза болуп, 39 адам дайынсыз жоголгон деп айтылды.

"Биз элди жолдордун ачылышы, көбүрөөк жардамдын жеткирилиши жана улуттук кызматкерлер тарабынан жүргүзүлүп жаткан зыянды аныктоо иштери тууралуу маалымдадык. Эч кимди артта калтырбайбыз, сиз жалгыз эмессиз", - деди Мексиканын президенти.

Шейнбаум кийинчерээк Идальго штатындагы Уэуэтла жана Тиангистенго аймактарын тик учак менен абадан карап чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан