Израил чемпиондугунун жетинчи айлампасында Тель-Авивде "Хапоэл" жана "Маккаби" клубдарынын ортосундагы беттеш күйөрмандардын жүрүм-турумунан улам болбой калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Оюн башталар алдында күйөрмандар аянтка түтүн чыгаруучу заттарды ыргытышып, башаламандык жараткан. Күйөрмандардын бул аракеттеринен 3 укук коргоо кызматкери жана 12 жай тургун жаракат алган. Полиция тынчтыкты бузгандыгы үчүн ондон ашык адамды кармаганы кабарланууда. Кийинчерээк полиция оюнду өткөрбөөнү чечкен.
"Маккаби" 14 упай менен Израилдин турнирдик жадыбалында экинчи орунда. "Хапоэл" 13 упай менен үчүнчү орунда.