Ош шаарындагы муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктардын башчыларына кызматтык унаалар берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ачкычтарды мэр Жеңишбек Токторбаев тапшырып, жетекчилерге мындан ары да жигердүү иштөө зарылдыгын белгиледи.
Бул автоунаалар мэриянын бюджетинин эсебинен алынды.
Эскерте кетсек, Ош шаарында жалпы 6 муниципалдык аймактык башкармалык, 3 айылдык аймактык башкармалык бар.